Биз менен байланышыңыз

Статком: Быйыл дан эгиндеринин дүң жыйымы төмөндөдү

Кыска кабар | 12 Сен 2023 | 228 | 0

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы 2% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.

Быйыл 23-августка карата 394,8 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналды, бул өткөн жылдын ушул убактысына алыштырмалуу 2 пайызга аз.

Статком билдиргендей, эгиндин көлөмүнүн азайышы дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн дээрлик 32 пайызга төмөндөшү менен шартталган.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларында күндүн катуу ысыганына байланыштуу вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы – 29,7 пайызга, арпанын жыйымы – 43,6 пайызга кыскарды.

Жаздагы температуранын өзгөрүшү дан буурчак жана май өсүмдүктөрүнө таасирин тийгизген. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата 2,8 миң гектар аянтан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата 19 пайызга аз, ал эми май өсүмдүктөрү 4,8 миң гектар аянттан жыйналды, же 12 пайызга аз.

Картошканын дүң жыйымы 8,1 пайызга, жашылча өсүмдүктөрү 3,8 пайызга жана бакча өсүмдүктөрү 1,7 пайызга көбөйгөн. Бул 2023-жылы чаап-жыйноо аянтынын көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыздалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM