Connect with us

Акматбек: Мадумаровдун камалышы — авторитардык өлкөгө айландыруу саясаты

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 606 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Адахан Мадумаров «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып, 24-октябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-сентябрда чыгарды. Соттун басма сөз кызматы маалымдагандай, Мадумаров сурак бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Мадумаровдун камакка алынышы коомчулукта бүгүнкү күнгө чейин түрдүү пикирлерди жаратууда. Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек Мадумаровдун камалышы боюнча буларга токтолду:

«Биринчиден, Мадумаров эл өкүлү, ага добуш берген шайлоочулар бар. Аны ишемби күнү кичинекей баласы менен сейилдеп жүргөн жеринен атайын даярдыктагы кызматкерлердин «террорчуну» кармагандай кармап кетүүсү — элге, шайлоочуларга болгон сый-урматсыздык. Ал кишини чакырса деле келмек. Экинчиден, Кыргызстанды сызга отургузуп, качып кеткен президенттер бар. Аларды тескерисинче, «достошуп, ынтымакка келгиле, эскини унутушубуз керек» деп пропаганда кылып жатат. Кыргызстандын бүгүнкү абалына себеп болгон негизги адамдарды реабилитация кылып, экинчи тарабынан саясий атаандаштары менен эсептешип жатат. Үчүнчүдөн, бул — Кыргызстандагы сөз эркиндигин муунтуу, чектөө боюнча оппозицияга, активисттерге, журналисттерге карата жасалып жаткан саясаттын эле уландысы. Бул Мадумаровдун гана маселеси эмес. Депутат Өмүрбек Бакиров, жазуучу Олжобой Шакир камалды, Равшан Жээнбековго абакта кысым болуп жатат. Бул — толугу менен авторитардык өлкөгө айландыруу саясаты. Укукту, мыйзамды күчтүн көзөмөлү менен башкаруу маразмга алып барат. Мадумаровду камады, эми бара-бара сөз айткан, сын айткандарды, баш көтөргөндөрдү, макул болбогондорду жок кылышы мүмкүн. Кыргызстанды буга чейин сөз эркиндиги сактап келсе, эми Түркмөнстандагы, Түндүк Кореядагы маданиятты жайгаштырат. Бул — жалпылап айтканда, трансформация», — деди Акматбек.

Мадумаровду 2-сентябрда көчөдө баласы менен сейилдеп жүргөн жеринен ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери кармап кетишкен.

Буга чейин Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сурап, парламентте түзүлгөн комиссия ага макулдук берген.

Маалым болгондой, депутаттык комиссия Адахан Мадумаровго коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (кызматтык абалынан аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген. Бирок ал берене Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесине (мамлекеттик чыккынчылык) алмашкан.

Башкы прокуратура 2022-жылы да Мадумаровду «чыккынчылык» беренеси менен айыптап, жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизген. Депутаттык комиссия ишти бир ай карап, прокурордун сунушун четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM