Биз менен байланышыңыз

УКМК кармаган эки жаран экстримисттик идеологиялардан баш тартты

Кыска кабар | 16 Авг 2023 | 126 | 0

Ош облусунда “Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү экстремисттик идеологиялардан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын (Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) маалымат кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, УКМК “Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүн аныктап, аларга карата профилактикалык иш-чараларды жүргүзүлгөн.

«Кыргызстандын аймагында  тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» тероррдук уюмунун идеяларын тараткандыгы үчүн ушул жылдын 10-августунда А.О.М. жана М.М. аттуу жарандар кармалган. Аларга диний-экстремисттик багыттагы идеяларды тараткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгы боюнча соттун чечими чыгып, угузулган.  Профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, А.О.М. жана М.М. аттуу жарандары экстремисттик идеологиялардан баш тартып, жарандарды “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты»-,деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ноокендин беш тургуну «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунан чыкканын маалым болгон. Алар аталган уюмдан эл алдында баш тартышкан. Ага чейин алар «Хизбут-Тахрирдин» активдүү мүчөлөрү катары экстремисттик идеологияны жайылтып келишкен. Айтылган жарандар эл алдында өздөрү тандаган багыт туура эмес болгонун моюндарына алышып, башкаларды туура эмес иштерге азгырылып кетпөөгө чакырышкан.

УКМК экстремисттик-террордук уюмдардын ишин бөгөттөө чаралары улана берерин маалымдайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM