Биз менен байланышыңыз

Туризм фондунун мурдагы жетекчиси Калашникова үй камагына чыкты

Кыска кабар | 31 Июл 2023 | 254 | 0

Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова жана анын орун басары Александр Валитов үй камагына чыгарылды. Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан 29-июлда кабыл алынды.

Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, алар тергөө аяктаганга чейин, башкача айтканда, ушул жылдын 22-августуна чейин үй камагына чыгарылды. Белгилей кетсек, буга чейин айыпталуучуларга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Айыпталуучу Елена Калашникова 12 млн сом, ал эми Александр Валитов 1,5 млн сом өлчөмүндөгү материалдык зыяндын ордун толтурду. Буга байланыштуу тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

Эскерте кетсек, Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Елена Калашникова жана анын орун басары Александр Валитов коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын тергөө жайына киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM