Биз менен байланышыңыз

Президент майнинг компанияларга сатылган электр энергиясы боюнча үн катты

Кыска кабар | 28 Июл 2023 | 264 | 0

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» медиасынын күн мурун жарыялаган майнинг компанияларга сатылган электр энергиясы боюнча «Кабар» агенттигине жооп берди.

Президенттин айтымында, эң кымбат баа менен 1 Квтын 5 сом 04 тыйын менен Кемин районуна майнинг ферма курганга уруксат берилген.

«Жайдын күнү бизде электр энергия толук жетиштүү. Ал түгүл ашып калат. Эч бир жакка сата албайбыз. Ошондуктан энергетика системасына пайда түшсүн деп, нагрузканы көтөрө алчу участокторго уруксат берип жатабыз. Эгер кыштын күнү кыйынчылык келе турган болсо үч ай токтотуп коебуз. Калган тогуз ай бою иштей беришсин. Энергетика системасына, салык инспекциясына миллиондогон сом таза кирешелерди берет. Мисалы ушул эле Кеминдеги майнинг ферма алты ай убакыттын ичинде 480 миллион сом энергетиктерге, 225 миллион сом салыкка төлөп берди. Бул акчанын бары мамлекеттин, ошол эле элдин пайдасына түштү. Эми бул компания жергиликтүү салык инспекциясына катталды. Мындан ары салыктарды жергиликтүү бюджетке төлөйт. Албетте райондо жылыштар пайда болот», — деп жооп берген президент.

Президент ошондой эле жетишпеген көлөмдү чет өлкөдөн 3 сомдон сатып алынарын, майнинг фермага 5 сом 04 тыйындан сатканда энергетика системасына 2 сом 04 тыйын таза киреше кала тургандыгын, мамлекет пайдадан башка зыян тартпай тургандыгын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM