Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы «чет элдик өкүл» мыйзамын артка чакыртып алууну сунуштады

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 164 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилерине аны артка чакыртып алууну сунуштады.

Акыйкатчы институту мыйзам долбоорунун улуттук мыйзамдардын жана эл аралык укуктун талаптарына шайкештигин талдап чыккан.

Акыйкатчы институту Конституцияда жана эл аралык мыйзамдарда каралган адам укуктарын жана эркиндиктерин, биригүү эркиндигин, сөз эркиндигин камсыз кылууну жактай турганы айтылат.

Жогорку Кеңештеги «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелеген. «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Президенттик аппарат «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун 2022-жылдын ноябрь айында сунуштаган. Долбоордун негиздемесинде коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарды түзүүгө жана алардын ишмердүүлүгүнө карата саясий, укуктук талаптар эселеп көбөйүп жатканы айтылат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экенин тактоо мүмкүн эмес, анткени азыркы мыйзам боюнча бейөкмөт уюмдарды каттоо милдеттүү эмес деген жүйө келтирилген.

Бул мыйзам долбооруна өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча жумушчу топтун иштөө мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылган.

Copyright © 2017 Maral FM