Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «кайрылман» макамын алуу жеңилдеди

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 195 | 0

Президент Садыр Жапаров этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоду. Тийиштүү мыйзам долбооруна 18-июлда кол коюлду.

Мыйзам тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү процессин жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

Эми дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана башка документтерин кабыл алат. Алар катталган күндөн тарта он жумуш күндүн ичинде аларды Кыргызстандын миграция боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтөт.

Ошондой эле этникалык кыргыздарда жана кайрылмандарда бажы чек арасы аркылуу жеке пайдаланууга арналган өздүк автотранспорт каражаттары менен өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

2021-жылы 26-сентябрда президент Садыр Жапаров Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн жаңы шаардын курулушуна капсула салган.

Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участкасынын 30 га жер жеке турак жай имараттарын жана социалдык объектилерди куруу үчүн трансформацияланган.

Бул аймакта турак үйлөрдү, 275 орундуу орто мектеп, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык объектилер курулары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM