Биз менен байланышыңыз

Быйылтан баштап жайыттарга үрөн себиле баштайт (видео)

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 116 | 0

Быйылтан баштап ар жылы жаз, күз айларында жайыттарга үрөн себиле баштайт. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, былтыр Орусиядан сатылып алынып келген үрөндөр быйыл алынып, күздө жана жазда кунары качкан жайыттарга себилет.

Ошол эле учурда Орусиядан быйыл да 105 тонна үрөн сатылып келинген. Алар тоют өстүрүү максатында 300 гектар жайытка өстүрүлөт.

Алдыдагы 10 жылда республикада болгон жайыттардын барына үрөн себүү пландалууда.

Эске салсак, өлкөдө акыркы жолу 1970-жылы жайыттарга үрөн себилген. Андан бери тоют чөптөрүнүн өндүрүмдүүлгү начарлап кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM