Биз менен байланышыңыз

Омошов өкмөттү ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдөн коргоого чакырды

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 758 | 1

JIA Бизнес Ассоциациясынын Башкаруу Кеңешинин төрагасы Жоодар Омошов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун бизнес коомчулугу менен  болгон жолугушуусунда ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдөн коргоого чакырды.

«Акыркы учурларда ишкерлерди текшерүүлөр күчөп, камака алууга чейин барып жатканы өкүндүрөт. Ишкер жана фирманын репутациясы эң баалуу нерсе, Кыргызстанда көптөгөн ишкерлерге карата кылмыш иштери козголуп, натыйжасында соттун чечими менен акталган учурлар бар, бирок тергөө абалында ал ишкердин кармалгандыгы тууралуу, ал ишкерге карата кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматтар тарап, ал ишкердин жана ишкананын репутациясына чон зыян тийип жатат. Күнөөсүздүк презумпциясы КРнын Конституциясынын 57-беренесинде чагылдырылган: «Кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталган ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденгенге чейин жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленгенге чейин күнөөсүз деп эсептелет»», — деди ал.

Ошондой эле ал соттун чечими чыкканга чейин ишкерлердин кармалышы, тергөөнүн башталышы жөнүндө жана ишкердин ишканасынын аталышы жөнүндө маалыматтарды таратууга тыюу салууну киргизүүнү сунуштады.

Акылбек Жапаров 5-июлда өлкөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугуп, ишкерлердин көйгөйлөрүн жана сунуштарын уккан.

Жапаров ишкерлерге кыйын учурда жардам берерин кайрадан убада кылды

1 пикир

1 пикир

  1. Бактыяр

    06.07.2023 13:27

    Ишкерлерлерди текшерип туруу жакшы анткени алар каалагандай кылып ондурушот тазалык жок Кымбат антиманополия иштебейт мисалы кока кола суусундугу торт куликовский бар бол ото эле Кымбат буларга бааны Ким козомолдойт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM