Биз менен байланышыңыз

Жапаров ишкерлерге кыйын учурда жардам берерин кайрадан убада кылды

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 168 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июлда бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугуп, мамлекет ишкерлерди керектүү учурда ар тараптан колдоп берүүгө даяр экенине ишендирди.

Ал ишкерлер менен өлкөдөгү көйгөйлөрдү талкуулоону максат кылганын айтты. Бизнес коомчулуктун өкүлдөрү агроөнөр жай комплексин, электрондук коммерцияны, санариптик кызматты, энергиянын кошумча булактарын жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча ишкерлик кылгандардын мамлекеттик органдар менен байланышын жакшыртууга багытталган сунуштарды айтышты.

Мындан тышкары, эмгек рыногунда компетенттүү адистердин жетишсиздиги жана негизинен кадр маселеси тууралуу сөз болгон.

«Мамлекет бутуна турду, өлкөнүн экономикасы өнүгүүгө ишенимдүү багыт алды, биз бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө жана өлкөнү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын камсыз кылууга багытталган бизнес долбоорлоруңуздарды колдоого даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM