Биз менен байланышыңыз

Чоң-Алайдагы Тажикстан менен чектеш айылдарга өзгөчө статус берилди

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 844 | 0

Тажикстан менен чектешкен Ош облусунун Чоң-Алай районунун бардык айылдары өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын тизмесине кирди. Бул тууралуу райондун акими Темирболот Абыкеев кабарлады.

Анын айтуусунда, акыркы жылдары Тажикстан менен чек ара көйгөйлөрүнөн улам район эли чек ара макамын алууну өтүнүп келген. Президент Садыр Жапаровдун Чоң-Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында да бул маселе боюнча кайрылышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан 2023-жылдын 23-июнунда кабыл алынган айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө токтомдун негизинде, Чоң-Алай районунун бардык айылы өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмесине киргизилди.

Айылга өзгөчө макамдын берилиши — мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шарттарын жакшыртуу, чек ара аймактарындагы калктын арасында ички миграцияны токтотуу максатын көздөйт.

2022-жылдын башында Баткен облусундагы Тажикстан менен чектеш аймактарда жайгашкан 62 айылга өзгөчө макам ыйгарылган. Өзгөчө макамга ээ айылдарга мамлекеттен субсидиялар жана дотациялар берилген, айрым төлөмдөрдөн бошотулган. Бул үчүн бюджеттен 250 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

2022-жылы сентябрда болгон кыргыз-тажик куралдуу кагылышында Чоң-Алай районунун Карамык, Тешик-Таш жана Кароол-Дөбө айылдарына да тажик тараптан аткылоо болгон.

Copyright © 2017 Maral FM