Биз менен байланышыңыз

Транспорт министринин орун басарынын үйүнүн тосмосу буздурулду (видео)

Кыска кабар | 4 Июл 2023 | 605 | 0

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиевдин Арча-Бешик конушундагы үйүнүн тосмосу буздурулду. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Буга чейин интернетте министрдин орун басарынын үйүнүн тосмосу кызыл сызыктан өтүп, тротуар курууга тоскоолдук кылганы тууралуу маалыматтар тараган жана аткаминер аны буздурууга каршы экени айтылган.

Мэрия өкүлдөрү аталган көчөнү асфальттоо иштери жүрүп жатканын айтып, 40тан ашык үйдүн дубалы буздурулганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM