Биз менен байланышыңыз

Тамагын келемиш аралаган кафе убактылуу жабылды

Кыска кабар | 3 Июл 2023 | 375 | 0

Тамак-ашты келемиш аралап жүргөнү видеого түшүп калган «Рахат лукум» кафеси аныкталган санитардык эреже бузууларга байланыштуу жабылды.

Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти «Маралга» билдирди. Кафе санитардык эреже бузуулар жоюлмайынча жабык болот.

«Калктын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо максатында мекемени жабууга укуктуу.

Copyright © 2017 Maral FM