Биз менен байланышыңыз

Тамчы-Алматы аба каттамы иштей баштады

Кыска кабар | 1 Июл 2023 | 162 | 0

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Казакстандын Алматы шаарынан жайкы туристтик сезондо ачылган биринчи аба каттамы аткарылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Qazaq Air авикомпаниясы Алматы-Тамчы каттамы боюнча 71 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчы — Алматы багытында 30 жүргүнчү учту.

Аба каттамы үзгүлтүксүз түрдө жумасына 2 жолу – жума жана дүйшөмбү күндөрү аткарылат.

Qazaq Air авикомпаниясынын сайтындагы маалыматка караганда, Алматы – Тамчы түз аба каттамынын баасы эки тарапка тең 160 доллардан башталат.

Алматы 11:40 — Тамчы 12:40

Тамчы 13:40 — Алматы 14:55.

Жайкы туристтик мезгил учурунда Ысык-Көлдөн Өзбекстандын Ташкент шаарына да аба каттамдары иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM