Биз менен байланышыңыз

Орусия: Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулат

Кыска кабар | 25 Июн 2023 | 892 | 0

«Вагнер» жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулат, ал Беларуска кетет. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

РИА Новости маалымат агенттиги жазгандай, Пригожин Беларусияда эмне кылары так айтылган жок.

Евгений Пригожин жалданма аскерлеринин колоннасы Москвага 200 чакырым жетпей келип токтогонун жана артка кайтканын 24-июндун кечинде билдирди.

«Азыр кан төгүлө турган учурга келип калдык. Ошондуктан биз орустун каны төгүлөрүн жоопкерчилик менен түшүнүп, колоннаны артка кайтармай болдук. План боюнча кайра артка, талаа лагерлерине кетебиз», — деди ал.

Бул билдирүүдөн аз убакыт мурда Беларусиянын президенти Александр Лукашенко орус президенти Владимир Путин менен болгон макулдашуунун алкагында, Евгений Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирген.

Лукашенконун маалыматында, алар Орусиянын аймагында кан төгүүгө жол бербөөгө макулдашып, Пригожин «вагнерчилердин» куралдуу кыймылын токтотуу жана чыңалууну жөнгө салуу боюнча анын сунушун кабыл алган.

23-июнда Евгений Пригожин Коргоо министрлигин анын компаниясынын позицияларына сокку урду деп айыптап, 25 миң адам аны менен күрөшөрүн билдирген.

24-июнь күнү эртең менен ал “Вагнерчилер” Ростов-на-Донудагы аскердик объектилерди көзөмөгө алганын жарыялады.

Коргоо министрлиги Пригожиндин билдирүүлөрүн «маалыматтык чагымчылдык» деп атап, айыптоолорду четке какты.

Орусиянын федералдык кызматы Евгений Пригожинге каршы куралдуу козголоң уюштурган деп кылмыш ишин козгогон.

Евгений Пригожиндин аскерлери Москва тарапты көздөй багыт алышканы кабарланып жаткан. Алардын лидери Украинадагы ийгиликсиз согуш үчүн коррупциялашкан, компетентсиз командирлерди айтыптап, аларды алуу максатын көздөп жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM