Биз менен байланышыңыз

Парламент Эдил Байсаловду отставкага кетирүү боюнча токтом кабыл алды

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 401 | 0

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отставкасы каралып, ал боюнча 72 депутат «макул» болуп, парламенттин токтому кабыл алынды. Аны парламенттин Социалдык комитетиндеги сүйлөгөн сөзү, «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдагы нормаларды аткарбаганы жана мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабаганы үчүн кызматтан алуу сунушталды.

Мындай сунушту «Ишеним», «Ата журт-Кыргызстан», «Мекенчил» депутаттык тобу берген.

Парламенттин 21-июндагы жыйынында да бир катар депутаттар Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүшкөн. Айрымдары кызматтан алынышын талап кылышкан.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Байсаловдун депутаттардын дарегине айткан сөздөрү көз жаздымда калбай турганын, анын Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирүүгө укугу жок экенин, Байсаловдун кызмат абалын кароого убакыт келгенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM