Биз менен байланышыңыз

Менчик окуу жайларды аккредитациядан бошотуу талкуу жаратты

Билим-маданият | 19 Июн 2023 | 2951 | 0

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 19-июндагы жыйынында «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорунун бириктирилген варианты экинчи окууда бир топ талаш-тартыш менен каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары. Ал билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган долбоор менен бириктирилген.

Жарандык коом жана депутаттар сунуштаган мыйзам долбоорунун 24-беренесинде жеке менчик окуу жайларды аккредитациядан өткөрүүнү ыктыярдуу кылуу каралган.

Мындан тышкары лицензияны жокко чыгаруу сунуштарына депутаттар каршы болушту.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев жогорку окуу жайлардын көп болушуна каршы экенин, бирок аккредитациядан милдеттүү түрдө өткөрүлүшү керектигин айтты. Ал мыйзам долбоорунда бул берене калышын талап кылды.

«Кыргыз «эптеп алыш керек» деп аккредитациядан өтпөгөн окуу жайлардан диплом алууга аракет кылат. Алып, анан жумушка орношо албай жүрөт. Бизге улуттук болгон беш университет деле жетмек. Азыр окуу жайларды жаба албайсың, жаппагандан кийин каттоодон өтсүн деп жатам. Ошондуктан аккредитация мажбур түрдө болушу керек. Эгер жеке университеттер мындан корксо, анда жабуу керек», — деди депутат.

2021-жылы мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү министрлигинин, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер кирген. Бул жумушчу топ «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга киришип, бирок жарандык коом менен министрликтин ортосунда пикир келишпестик орун алып, эки мыйзамдын долбоору жазылган.

Жарандык коом депутаттар менен биргеликте иштеп чыккан мыйзам долбоору буга чейин бир канча жолу коомдук аянтчаларда талкууланган.

Демилгечилердин бири депутат Жанарбек Акаев маалымдагандай, мыйзам долбоорлору бириктирилгенден кийин талкуулар уюштурулуп, консенсус менен кайра сунушталууда. Депутаттар кат жүзүндө берген сунуштары да эске алынды.

Эксперттик топтун мүчөсү Гүлнара Каликованын айтуусуна караганда, мамлекет окуу жайларга каржылоо, инвестиция, грант берсе, аны аккредитациядан өткөрүүгө милдеттендире алат. Эл аралык практикага ылайык, жеке менчик университеттер аккредитациядан ыктыярдуу өтөт.

«Биз аккредитация маселесин узак убакыт талкуулаганбыз. Башка мамлекеттерде катттоо каражатка байланат, изилдеп көрсөк, биздин өлкөдө документтерге байланыштырылганын көрдүк. Мындай дүйнөлүк практикада жок, бул коррупцияга алып келет»,  — деди ал.

Депутат Жанарбек Акаев эл аралык ЖОЖдор ансыз деле каттоодон өтөрүн, жаңы ачылып жаткандарын ашыкча текшере берүүдөн арылуу максаты коюлганын айтты.

«Бул мыйзам кабыл алынса, сапатты көзөмөлдөгөн департамент түзүлөт. Ал Министрлер кабинети аркылуу бардык билим берүү мекемелерин көзөмөлдөйт. Биз «тыйыш керек, текшериш керек» деген эле мыйзам долбоорлорун карабай, «жол ачып берели, багыт берели, колу-бутун бошотуп берели» деген пункттарды киргиздик. Бирок «окуу жайларды каттоо пункту калышы керек» деген сунуш —  орундуу. Муну калтырышыбыз керек. Ушундай консенсус менен иштейли. Бул бир гана эксперттердин мыйзамы эмес, министрликтин өкүлдөрү менен да чогуу иштеп чыкканбыз», — деди Акаев.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбеков менчик окуу жайларды да аккредитацидан өткөрүү керек деген пикирде.

«Көпкө созулган талкуудан кийин мыйзам долбоорунун авторлору бир пикирге келишти. Мен Кудайдан корккон адаммын. Биз эч кимдин буйругун аткарбайбыз», — деп кошумчалады ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдарын 76%ы бакчага барбайт. Жаңы мыйзам долбоору балдар бакчасын ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгарып, жеке ишкерлер менен жарандарды ашыкча документ чогултуу түйшүгүнөн арылтат.

Мындан сырткары мектеп мугалимдерин аккредитациядан өткөрүү тартиби жоюлуп, анын ордуна сапатты өнүктүрүү боюнча департамент түзүү каралган.

Ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү демилгеленген.

Жогоруда айткандай, документ парламенттин тармактык комитетинин 19-июндагы жыйынында талкууланды. Бирок кворум жоктугуна байланыштуу добуш берүү башка күнгө жылдырылды.

ЖК: Депутаттар билим берүү министринин жыйынга келбегенин сындашты

Copyright © 2017 Maral FM