Биз менен байланышыңыз

ЖК: Депутаттар билим берүү министринин жыйынга келбегенин сындашты

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 305 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 19-июндагы жыйынына катышпаганын депутаттар сындады.

Депутат Надира Нарматова билим берүү боюнча мыйзам долбоорлору талкууланып жатканда министр өзү тармактык комитеттин жыйынына катышуусу керек экенин айтып, ар дайым жыйын өтө турган күнү иш сапарларга чыгып кетерин сынга алды.

«Өзү ушул жерден чыккан го, Жогорку Кеңештен. Билим берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда келип катышышы керек, айта барыңыз», — деди Нарматова.

Дагы бир депутат Медер Алиев мыйзамдарды кабыл алуу процессинде ЖКнын тармактык комитеттеринин жыйындарына министр катышканы маанилүү экенин белгиледи.

«Мамилем жакшы эле, жаман көрүнбөйүн» деген болбойт, айтуу керек. Бул мыйзам долбоору өлкөнүн билим берүү тармагын бүт камтыйт, ошол үчүн өзү келип, суроолорго жооп берип, долбоорду коргошу керек эле. Комитеттин өткөндөгү жыйынына да келген жок, эми палатага сөзсүз келиши керек», — деди депутат.

Бүгүнкү жыйында «Билим берүү маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM