Биз менен байланышыңыз

«Ата Журт-Кыргызстандын» жыйынында Байсаловдун отставкасы козголду

Саясат | 16 Июн 2023 | 768 | 0

Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы маданият, маалымат, жаштар жана спорт тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча маалымат укту. Анда бул тармактагы жетишкендиктер, көйгөйлөр, реформалар, коомчулук көтөргөн маселелер талкууланды. Отурумда министрликке ачуу сындар да айтылды. Темага кененирээк токтолобуз. 

Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин аткарып жаткан иштери боюнча маалымат укту.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов отчётун өткөн жумада эле бергендиктен, бүгүнкү жыйын суроо-жооп иретинде өттү.

Талкууда депутаттар аймактардагы маданият үйлөрүнүн абалына өзгөчө көңүл бурду. Министрдин айтымында, республика боюнча жалпы 714 маданият үйү болсо, анын ичинен 40ы облус борборлорунда.

Депутат Жеңишбек Токторбаев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовду сынга алып, маданий имараттардын эскилиги жетип, капиталдык оңдоого муктаж экенин, анын ичинен «Пионерлер үйүнүн» (учурда Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры — ред.) жана аймагында ушул театр жайгашкан «Пионер» сейил багынын абалын козгоду. Ошондой эле ал Максүтовдун министр болуп дайындалгандан кийин семирип, байып кеткени айтылып жатканын эскертти.

«Коомчулукта сиз жөнүндө: «Алтынбек мырза министр болуп келгенден бери абдан толуп алды жана бир аз байып алды» деген сөздөр бар. Ушундай сөздөр болбошу керек. Сиз жакшы иштесеңиз, ушундай сөздөр болбойт эле. Сиз иш жүзүндө көрсөтүңүзчү кандай иш алып барып жатканыңызды. Ушул имараттарды куруп бериңиз, мен сизге кошулуп чуркайын».

Ага жооп катары Алтынбек Максүтов байып кеткенин тастыктап берүүсүн, куру сөз сүйлөөгө болбосун айтты.

«Толуп кеткеним боюнча жооп берип коёюн. Ар кимдин организми ар түрдүү экен, чай ичеби-ичпейби семирип. Сиз мени «байып кетти» деп каралап жатасыз. Сизде менин эмне болуп байыгандыгым тууралуу фактылар болсо бериңиз. Фактысы жок жөн эле кооздоп сүйлөй берген деле болбойт. Сиз көтөргөн маселенин баарын биз жатка билебиз». 

Депутат Шайлообек Атазов машыктыруучуларды даярдоо жана аймактарда иш менен камсыз кылуу маселесине токтолду.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын өкүлү жыл сайын 100гө жакын машыктыруучу даярдалып, аймактарга жөнөтүлүп жатканын айтты.

Эл өкүлү спортчулардын тамактануусуна каражат маселесин, кыргыздын желегин көтөргөн спортчуларга күнүнө 109 сом бөлүнөрүн айтып,  тамак-ашка бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүү маселесин көтөрдү.

«Азыр маданият министри отурат, бирок мен өткөн жыйында «каржы министри да отурсун» деген сунуш бердим эле. Өзү бүгүнкү жыйынга Акылбек Жапаров, Эдил Байсалов келсе жакшы болот эле. Азыр биз маданият министрин соккулайбыз, бирок маселени ошол «чечкичтер» чечип коёт эле. Мына азыр Эдил Байсалов келбегени боюнча анын иш ордун кароо керек».

Депутат Алишер Козуев орусиялык рэпердин маселесин парламентте көтөрдү. Анын айтымында, репердин келиши жаштарга терс таасир тийгизет.

«Социалдык тармактарда жаштарга терс таасир тийгизген артист же кандай дейбиз… Моргенштерн келери айтылып жатат. Элди бузат. Чара көрүңүздөр».

Маданият министри Максүтов орусиялык рэпер Моргенштернди Бишкекте өтө турган Alga Fest музыка фестивалына катыштырбоо аракети болуп жатканын айтты.

«Моргенштерн боюнча иш алып барып жатабыз. Тапшырма бердик. Имараттын (концерт боло турган) жетекчиси менен да сүйлөштүк. Бул боюнча биздин да пикир сиздикиндей эле. Анткени Моргенштернге Орусияда кылмыш иши козголгон экен».

Коомчулукта бир тарап Моргенштерндин концертин болтурбоону талап кылса, экинчи тараптагылар анын концерти эч нерсени өзгөрө албай турганын белгилешип, кызуу талкуу жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM