Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Баткенде үй курам деп алдаган компанияга кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 16 Июн 2023 | 454 | 0

Ички иштер министрлигинин 16-июндагы маалыматына караганда, Баткендин тургундары облустук башкармалыкка арыз менен кайрылып, «Келечек ЛТД» курулуш компаниясынын үстүнөн арызданган.

Компания жалпы 5 млн 347 миң 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын алдап бербей койгондугу тууралуу билдиришип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

ИИМ бул факты боюнча 2023-жылдын май айында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен иш козголгонун билдирди.

Тергөө учурунда, «Келечек ЛТД» компаниясынын жооптуу өкүлү Ш.Н шектүү катары суралып, камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү курулуш компаниянын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Учурда кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 15-июндагы жыйынында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү курган «Аманат Строй Инвест» компаниясы ишкерлердин акчасын бербей жатканын айтып чыкты. Анын маалыматына караганда, компания ишкерлерден 19 млн 680 миң сомдук курулуш материалдарды алган, бирок акчасын бербей жүрөт.

2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда Баткендеги 638 үй жана 27 социалдык объект жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM