Биз менен байланышыңыз

Баткенди өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сомду 1,5 млрд сомго көтөрүү сунушталды

Саясат | 15 Июн 2023 | 438 | 0

Жогорку Кеңештин бейшембидеги жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев «Баткен облусунун өзгөчө статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоору каралды. Анда Баткен облусун өнүктүрүү программасынын негизинде ар жылы бөлүнүүчү 500 млн сомдун ордуна 1,5 млрд сомдон кем эмес суммага көтөрүү сунушталып жатат. Ажибаевдин айтымында, Баткен облусунда элдин жашоо деңгээли башка облустарга салыштырмалуу төмөн, инфраструктуралык, социалдык чечилбеген маселелер көп. Мындай өзгөртүү киргизүүгө буга чейин каралган акча убагында берилбей, жылдын аягында бөлүнүп, иштетилбей калганы себеп болгон. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

2022-жылы Баткен облусуна өзгөчө статус берилген. Анын негизинде «Баткен облусун өнүктүрүү» программасы иштелип чыгып, анда ар жылы 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүү жазылган. Бирок өткөн жылдын акчасы кечиктирилип, октябрь айында которулгандыктан, толук иштетилбей, кайрадан мамлекеттик бюджетке кайтарылган. Каржы министрлиги анын аткарылбай калышына жергиликтүү бийликти күнөөлөгөн.

Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев «Баткен облусунун өзгөчө статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоору каралды. Анда Баткен облусун өнүктүрүү программасынын негизинде ар жылы бөлүнүүчү 500 млн сомду 1,5 млрд сомдон кем эмес суммага көтөрүү сунушталып жатат. Ажибаевдин айтымында, Баткен облусунда элдин жашоо деңгээли башка облустарга салыштырмалуу төмөн, инфраструктуралык, социалдык чечилбеген маселелер көп болгондуктан бөлүнүүчү каражаттын суммасын көбөйтүү керек. Ал мыйзам  долбоору менен кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатканына учкай токтолду:

«Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программа кошумча жана жетиштүү материалдык, финансылык жана техникалык ресурстарды талап кылат. Буга байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Тагыраагы, мыйзам долбоорунда Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо багытындагы мамлекеттик программага жыл сайын мамлекет тарабынан берилүүчү кошумча субсидиялардын көлөмүн 1,5 млрд сомдон кем эмес өлчөмдө аныктоо сунушталууда».  

Баткен облусунда 537 миң калк жашайт. Алардын 65%ы эмгек миграциясында, башкача айтканда, Кыргызстанда эң көп Баткен облусунун тургундары ички жана сырткы миграцияда жүрөт. Ошондой эле Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнүн 99%ы, тагыраак айтканда, 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда. Статком билдиргендей, жумушсуздуктун эң жогорку көрсөткүчү Баткен облусунда катталган. Мына ошондуктан Баткенди өнүктүрүү үчүн жыл сайын 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүнүп турмай болгон. Бирок ал өз убагында которулбай келет.

Бул мыйзам долбоору боюнча Министрлер кабинети корутунду чыгарып, каражат жоктугуна байланыштуу «каршы» болушканын каржы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев билдирди.

Руслан Сүйүналиев мындан тышкары «Баткен облусун өнүктүрүү» программасынын алкагында өткөн жылы 250 млн сом бөлүнсө, быйыл 400 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

«Өткөн жылы Баткендин эки районуна 125 миң сомдон 250 миң сом которулса, быйыл Баткен облусун өнүктүрүү боюнча «жол картасына» ылайык 500 миллион сомдун 400 миллион сому которулду. Учурда анын ичинен 21 миллион сомго жакыны сарпталды. Бул боюнча каржылык чеги бар».

Депутат Нурлан Ражабалиев Баткен облусун өнүктүрүү Кеңешинин жыйыны өтүп, алар жактырган долбоорлорго акча бөлүнбөй, четке кагылганын сындап, кеч которулган каражат өздөштүрүлбөй калганына кейиди.

«Баткен облусу ар тараптуу колдоого муктаж, мыйзам долбоору тарабынан сунушталган нормаларды колдойм. Сизерди да бул мыйзам долоорун колдоп берүүңүздөрдү суранам».

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадыяров өткөн жылы бөлүнгөн 500 млн сомдун өздөштүрүлбөй кайтарылганы боюнча Эсептөө палатасы иликтеп жатканын билдирди.

Баткен облусунда ушул жылдын беш айында Өнүктүрүү программасынан тышкары бюджеттер аралык трансферттер 217,5 млн сомго каржыланган.

Анын ичинен:

— теңдөөчү трансферт – 136,8 млн сом;
— ыйгарым укуктарды берүүгө – 13,0 млн сом;
— электр энергияга болгон 50% кенемтеге – 27,8 млн сом;
— башкы план – 39,9 млн сом (калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгууга) бөлүндү.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш “Баткен облусунун статусу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды.

Copyright © 2017 Maral FM