Биз менен байланышыңыз

Президент «Акылман» лицейин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 170 | 0

Президент Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейи жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул окуп жаткандардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, өлкөдө интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

  1. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында «Акылман» президенттик лицейи мекемеси түзүлсүн.
  2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) «Акылман»  президенттик лицейине кабыл алуу окуп жаткандардын кызыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларды окутуунун айрым предметтерин жана деңгээлдерин тандоо жолу менен окуу процессин индивидуалдаштыруу каралган Министрлер кабинети аныктаган тартипте жалпы билим берүү уюмдарынын 6-класстарын аяктаган окуп жаткандардын ичинен жүргүзүлөт;

2) «Акылман»  президенттик лицейи түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш иет.

  1. Министрлер кабинети:

1) «Акылман» президенттик лицейинин педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттарын түзүүгө багытталган чараларды көрсүн;

2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

  1. Билим берүү жана илим министрлиги «Акылман» президенттик лицейин түзүү жана ишин уюштуруу боюнча чараларды жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Copyright © 2017 Maral FM