Биз менен байланышыңыз

Баткенде курулушу бүткөн үйлөр 23-июнда тапшырылат

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 304 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кол салуудан кыйраган үйлөрдү курган компаниялар бүгүнкү күнгө чейин акчаларын алалбай жатканын билдирди.

Анын айтымында, ага «Аалам» компаниясы курулуш материалдарынын жана техникаларынын акчасы берилбей жатканын айтышкан. Башкы подрядчы компаниялар акчасын алганы менен субподрядчы компаниялар алалбай жүрүшөт.

Ал бул маселени чечүү үчүн протоколдук тапшырма берүүсүн парламенттин төрагасынан өтүндү.

Ага жеткен маалымат боюнча үйлөрдүн курулушу аяктап, 23-июнда ачкычтары ээлерине тапшырылат.

2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жалпысынан 638 үй жана 27 социалдык объект жабыркаган. Мунун ичинен Баткен облусунда 417 үй жашоого жараксыз абалга келген. Ар бир үйдү курууга 3 млн 315 миң сом бөлүнгөн.

Башында курулуштар эки айда бүткөрүлөрү айтылып, 31-декабрга чейин мөөнөт берилген. Андан кийин курулуштун мөөнөтү 1-мартка деп узартылган. Анда да бүтпөгөндүктөн, 1-апрелге жылган. Кийин кайра урулушту толук бүтүрүү 1-майга чейин узартылган. Эми 23-июнда тапшырыла тургандыгы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM