Биз менен байланышыңыз

«Коррупцияга каршы элдик кыймыл» бирикмесинин төрагасы кайра кармалды

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 120 | 0

«Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин төрагасы К.А.С. жана аталган коомдук бирикменин Чүй облусу боюнча координатору С.К.М. кармалды. Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Аларга 12-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Уюшкан топ тарабынан опузалап талап кылуу) боюнча айып тагылып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Кармалгандар текшерүүлөрдү уюштурабыз деп коркутуп, системалуу түрдө опузалоо менен алектенишкен. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тендерин утуп алган ишкерден 700 миң сом талап кылганы аныкталган. Ошол эле учурда кармалгандар опузаланган акчанын 70 миң сомун банк аркылуу алышкан.

«Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин төрагасы быйыл февралда да опузалоого шектелип кармалган. Бирок соттун чечими менен ал үй камагына бошотулган.

Бул жагдай Чүй облусунун Кемин районунун тургундарынын нааразычылыгын жаратып, алар кармалган жаран мыйзамдын күчөтүлгөн тартибинде жоопкерчиликке тартылышын талап кылып, президентке, Башкы прокурорго жана УКМКнын төрагасына кайрылышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM