Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «Өлбөс полк» жүрүшү өтпөйт

Кыска кабар | 8 мая 2024 | 127 | 0

Кыргызстанда 9-майда Жеңиш күнүнө карата “Өлбөс полк” жүрүшү өтпөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов маалымат жыйынында айтты.

Мындай чечим жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынганы белгилүү болду.

Жер-жерлерде Жеңиш күнүнө арналган бардык башка иш-чаралар өтөт. 10-майга чейин тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Ички иштер органдарынын 6 миңден ашык кызматкери 9-майдагы иш-чараларда коомдук тартипти камсыздайт.

1,5 миң милиционер Бишкек аймагындагы тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөйт.

Бишкекте 9-майда саат 10:00дө Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу менен митинг-реквием болот. Ошондой эле «солдат» боткосу жана майрамдык концерт уюштурулат.

Борбор калаанын райондорунда, тактап айтканда, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жана Панфилов атындагы сейил бактарында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM