Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги турак жайлардын 12%ында гана суу эсептегич орнотулган

Кыска кабар | 8 Июн 2023 | 255 | 0

Бишкек шаарындагы үйлөрдүн 12 пайызында гана суу эсептегич орнотулган, ал эми суунун коромжусу лимиттен 70 пайызга ашты.

Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында шаардын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев суроолорго жооп берип жатып айтты.

Суу керектөө ченеми бир адамга суткасына 170 литрди түзөт. Бирок иш жүзүндө күнүнө 500 литрге чейин колдонулуп жатат. Сууну коротуу 70 пайыз чегинен ашып кеткенин мэрдин орун басары кошумчалады.

Ал ошондой эле суу түтүктөрүнүн 70-80 пайызы эскирип, алмаштырууга муктаж экенин белгиледи.

Өткөн жумада борбордо суунун тартыштыгынан улам көп көлөмдөгү суу керектелген жеке мончолор, унаа жуучу жайлар жана бассейндер убактылуу жабылган. Мындан тышкары бир канча конушка суу берүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Борбордун мэриясы жарандарды сууну үнөмдөп колдонууга чакырууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM