Connect with us

Катар Кыргызстан менен кызматташууда үч багытка көңүл бурат

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 789 | 0

Кыргызстандын гидроэнергетикага инвестиция салуу, туризмди жана инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү боюнча сунуштары каралат. Бул тууралуу Катар эмири президент Садыр Жапаров менен кеңейтилген курамдагы жолугушуусунда билдирди.

Ал экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-катар алакалары тууралуу айтып жатып, гидроэнергетика, туризм жана инфраструктура сыяктуу тармактарды атады.

«Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатка барганыңызда экономика боюнча кызыктуу сунуштарды айтканыңызды өзгөчө белгилегим келет. Биз мындан ары да мамилелерди чыңдай турганыбызга жана өкмөттөр деңгээлинде бизди кызыктырган бардык маселе боюнча кызматташа аларбызга терең ишенем. Ошондой эле гидроэнергетикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана өлкөлөрүбүздүн туристтик мүмкүнчүлүгүн биргелешип өнүктүрүү боюнча сунуштарыңызды баса белгилегим келет. Бул демилгелерди биз кылдат карап чыгабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, Катардын эмири кечээ биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Бүгүн кечинде анын сапары аяктайт. 

Катар эмиринин Кыргызстанга келүү себеби айтылды

Copyright © 2017 Maral FM