Connect with us

Катар эмиринин Кыргызстанга келүү себеби айтылды

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 515 | 0

Бүгүн, 7-июнда Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани менен президент Садыр Жапаровдун тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү башталды. Жолугушуу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Андан кийин эки өлкөнүн башчылары кең форматта сүйлөшүүлөрдү улантып, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашат.

Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келиши эки өлкөнүн дипломатиялык алакасына 25 жыл толгонуна байланыштуу болгону айтылды. Кыргызстан менен Катар дипломатиялык документтерге 1998-жылы кол коюшкан.

Бүгүнкү күнгө чейин Катар мамлекети Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Азыркы тапта өлкөнүн үч аймагында: Кызыл-Кыя шаарында, Озерная айылында, Кочкор айылында социалдык шаарчалар салынууда. 

Мындан сырткары Катар мамлекети Бишкектин Кара-Жыгач конушуна IT-академиясын, андан тышкары борбордук бөлүгүнө 4 кабаттуу оорукана куруп жатат.

Катар Кыргызстан менен кызматташууда үч багытка көңүл бурат

Copyright © 2017 Maral FM