Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Нурмухаммет Аманнепесов бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышат.
Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» экинчи саммити өтөт.
Эртең, 3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга расмий сапар менен келет.