Биз менен байланышыңыз

Аида Рысбаева билим берүү министринин орун басары болду

Кыска кабар | 26 мая 2023 | 274 | 0

Аида Рысбаева Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.

Жаңы дайындалган министрдин орун басарын бүгүн эмгек жамаатка президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Миргазы Исаков тааныштырды.

Белгилей кетсек, буга чейин министрдин орун басары болуп иштеген Надира Жусупбекова 2023-жылдын 11-майында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM