Биз менен байланышыңыз

Вице-мэр Нурдан Орунтаевге кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 26 мая 2023 | 367 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери төрага Камчыбек Ташиевдин буйругунун негизинде Бишкектеги «Батуми» кафесинин бузулушу жана мэрия кызматкерлеринин ишиндеги мыйзамдуулук боюнча текшерүү жүргүздү.

Анын негизинде «Батуми» кафесинин ээси муниципалдык менчикти пайдалануу жаатында мыйзам бузууларга барганы, ижара келишими жок туруп, кафенин айланасын унаа токтотуучу жай катары пайдаланганы аныкталды.

Ошондой эле бул тармакты көзөмөлдөгөн Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев да мыйзамсыз аракеттерди көргөнү тастыкталды.

«Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул боюнча УКМК тарабынан вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызматкерлерге Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгү (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалын кыянат пайдалануу) менен кылмыш иши козголду»,— деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн натыйжасында Орунтаев кафенин ээси тарткан зыянды толуктап бере турган болду. Көрсөтмөлөр эске алынып, Нурдан Орунтаев кайтып келүү убадасы менен тергөө залынан бошотулду.

Copyright © 2017 Maral FM