Биз менен байланышыңыз

«Кыргызавтожол» ишканасынын жетекчилигине иш козголду

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 222 | 0

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, 10 млн 263 миң сомдук бюджеттик каражат кымырылып алынганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жол башкармалыгынын №32 жол тейлөө мекемесинин башчысы Т.М.М. жана «Кыргызавтожол» ишканасынын директору К.Р.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып «Е.» ЖЧКсынын кызыкчылыгы үчүн 2020-2022-жылдар аралыгында аталган компанияга бюджеттик каражаттардын эсебинен 24 млн 450 миң сом которгон.

Бирок көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде аталган аткаруучу компания иш жүзүндө 15 млн 889 миң сомдук гана иштерди аткарган.

Мындан сырткары компания көрсөтүлгөн мөөнөттө 1 млн 702 миң сом өлчөмүндө мамлекетке киреше боло турган кошумча наркка салыкты жашырып, төлөбөй койгону аныкталган.

«Натыйжада, мамлекетке жалпысынан 10 млн 263 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген» , — деп айтылат Башкы көзөмол органынын маалыматында.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 339-беренеси (билип туруп пайдасыз келишим түзүү),  210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы 2022-жылы январда түзүлгөн.

Башкы прокуратура: Жолчулар 451 тонна битумду жеп алышкан

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM