Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Жолчулар 451 тонна битумду жеп алышкан

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 161 | 0

Башкы прокуратура «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Маалым болгондой, 2022-жылы №32 Жол тейлөө ишканасына караштуу Кемин районундагы Жел-Арык битум базасына 4551 тонна битум түшүрүлгөн. Анын 4100 тоннасы жол оңдоочуларга таратылган. Калган 451 тонна битумдун дайны чыкпай калган.

Башкы көзөмөл органдын текшерүүсүнүн жүрүшүндө аныкталган бул кылмыштан мамлекет жалпы 17 млн 333 миң сом зыян тарткан.

Фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү энчилеп алуу же коротуу), 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануусу) менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM