Биз менен байланышыңыз

Мектептерде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтүүдө

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 231 | 0

Бүгүн, 25-майда Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтүүдө.

Буга чейин кабарлангандай, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө акча чогултууларга, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн жана алардын ата-энелеринин катышуусунда «Акыркы коңгуроо» салтанатынан башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери күзөт уюштурат. Мектептен тышкары жактарда өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу болот.

Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.

Былтыр «Акыркы коңгуроо» салтанаты 9-июнда өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM