Биз менен байланышыңыз

Песков: Кремль Украинадагы согушту убактылуу токтотууга каршы

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2023 | 274 | 0

Москва Украинадагы согушту убактылуу токтотуп коюуга каршы жана бул маселеде Батыш өлкөлөрү менен бир пикирде. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Буга чейин Politico журналы АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинадагы окуялардын өнүгүүсүнүн ыктымал сценарийлеринин бири катары согушту убактылуу токтотууну караштырып жатканын кабарлаган. Басылма бул тыныгуу ондогон жылдарга созулуп, 20-кылымдын ортосунда болгон Корей согушунан кийинки Корей жарым аралындагы абал түзүлүшү мүмкүн экенин белгилеген.

Песков Орусия Украинадагы максаттарына «атайын аскердик операциянын» алкагында же башка жеткиликтүү каражаттар аркылуу жетерин билдирди. Бирок ал «башка каражаттар» дегенде эмнени айткысы келгенин тактаган жок.

Буга чейин Кремль Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген. Ошол эле маалда Москва бул үчүн Киев менен Батыш өлкөлөрү «ылайыксыз» деп атаган талаптарды койгон.

Мартта Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби орус аскерлерин Украинанын аймагынан чыгарбай туруп согушту токтотуу – Орусия басып алган жерлерди таанууга барабар болорун айткан. Согушту токтото турууга Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак да каршы экенин билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жакында эле «Би-Би-Сиге» берген маегинде согуштагы тыныгуу – Орусияга Украинада талкаланган армиясын калыбына келтирүү үчүн убакыт берүүгө тете экенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM