Чет жерде жүргөн кыргызстандыктар арасында кылмыштуулук көбөйүп жатканы айтылып келет. Жыл башындагы расмий маалыматка ылайык, башка мамлекеттердин түрмөлөрүндө 1269 жаран жазасын өтөп жатат.
Орусияда административдик-укуктук мыйзам бузгандардын саны 2020-жылга караганда бир жарым эсеге өстү. Кылмыштын негизги себептери катары Орусияга кирип-чыгуу режимин бузуу, бейбаштык, алкоголь жана маңзат колдонуу сыяктуу фактылар көрсөтүлөт.
24-майда Бишкекте Тышкы иштер министрлиги атайын жыйын уюштуруп, миграциядагы кылмыштуулук жана ушуга байланыштуу маселелер талкууланды. Отурумга балдары орус абактарында отурган ата-энелер да катышып, көйгөйлөрүн айтышты.
Гүлмира Букаеванын 23 жаштагы уулу 2021-жылдын башында Орусияга иштегени кеткен. Көп убакыт өтпөй, баңгизат боюнча айыпталып, сегиз жылга эркиндигинен ажыратылган.
Анын айтуусунда, мигранттар тийиштүү юридикалык жардам албагандыктан өздөрүнүн ак экенин тастыктай албай калган учурлар көп кездешет.
Букаева баңгизатка байланыштуу кылмыштар Орусияга барганга чейин эле Кыргызстанда башталганын белгилеп, мындан улам жаштарга баңгизаттын зыяны тууралуу түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүгө чакырды.
«Уулубузда эч нерсе жок болчу, бирок жанындагы адамдан 10 грамм баңгизат табылган. Биринчи жолу «манжа изи табылды» дешти, андан кийин «телефондон чыгып жатат» деп айтышты. Биз уулубуздун кылмышка тиешеси барын тастыктаган фактыларды берүүнү сурандык, бирок алар беришпей, сот сегиз жыл күчөтүлгөн тартиптеги жазага тартты. Азыр баламдан дайын жок. Ошол сегиз жылды Кыргызстандан өтөсө болмок. Орусияда эч ким жок болгондуктан тамак-аш, кийим-кече берүүгө мүмкүн болбой жатат. Ата-энелер менен сүйлөшсөк, дагы бир жаш бала он үч күндөн кийин баңгизат боюнча камалып кетиптир. Демек башы Кыргызстандан башталып жатат».
Дагы бир абактагы мигранттын энеси Айнагүл эгер жакын арада жарандар Мекенине экстрадицияланбаса, жаңы мыйзам боюнча өмүр бою Орусиянын камагында калып, андан ары Украинадагы согушка чакырылып кетеринен кооптонуп жатканын айтты.
«Кылмыштуулук биздин өлкөнүн аэропортунан чыгып баратканда башталып жатат. Биз чет мамлекеттердеги кишилерди күнөөлөбөйбүз, себеби өзүбүздүн эле кыргыз жарандары жаш балдардын алдап сатып жатышат. Кыргыз балдар балдарды, кыздар кыздарды сатып жатышат. Жалаң акчанын, жокчулуктун кеспетинен болуп жатат. Бирөө бир баланы сатып байыйт, экинчиси камалып жок болот».
Орусияда соттолгон кыргыз жарандарынын ата-энелери аларды жаза өтөө үчүн орус абактарынан Мекенине которууга көмөк көрсөтүүнү суранышууда.
Өткөн айда Бишкекте уул-кыздары Орусиянын абактарында отурган ондогон ата-эне акция өткөрүп, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.
Расмий маалыматка караганда, учурда 1077 жаран (1205и эркек, 91и аял) Орусиянын абактарында отурат. Алардын басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга байланыштуу айыпталууда.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ата-энелер белгилеген маселелер күн тартибинде турганын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери мониторинг жана көзөмөл жүргүзүп, соттолгондорго кандайдыр бир жардам берүү үчүн жолугууга аракет кылып жатышканын айтты. Ошол эле учурда министрлик башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигише албасын түшүндүрдү.
«Орусияда, Казакстанда жана башка мамлекеттерде биздин мүмкүнчүлүк аз болгондуктан бардык маселени чечүү оор болуп жатат. Кээ бир өлкөлөр ички мыйзамдарына такап, соттолгон кыргыз жарандарды Мекенине кайтаруудан баш тартып жатышат. Бирок Кыргыз Өкмөтү, элчилик колдон келишинче аракеттерди көрүп, алдыда кошумча башкы консулдуктарды, канцелярия бөлүмдөрүн ачуу иштерин алып баруудабыз».
Ошол эле учурда Орусиянын абактарында жаткан 459 кыргызстандык өз өлкөсүнө которулуудан баш тартканын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин жетекчиси Алмаз Букалаев билдирди. Анын маалыматында, былтыр 33 жаран Орусиядан Кыргызстандын абактарына алып келинген.
Быйыл биринчи кварталда 19 жаран которулган. Дагы 38 жаранды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Министрлик чет өлкөлөрдө абакта жаткан 550, анын ичинде Орусияда соттолгон 400дөн ашуун адам менен жекече аңгемелешкен.
Кыргызстанда акыркы жылдары миграция агымы күч алууда. Талдоочулар буга өлкөдөгү жумуш орундардын жоктугу, айлыктын аздыгы себеп болуп жатканын белгилешет.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова миграцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин сындады.
Анын айтымында, Кыргызстанда 10 миңдеген жумуш орун бош турат, бирок жаштар өз Мекенинде жеткиликтүү жумуш бар экенин билбей, өлкөдөн чыгып кетип жатат.
«Биздин мамлекеттик органдар тийиштүү иштерди жүргүзбөй жатышат. Анткени өлкөдө миңдеген бош орун бар. Тилекке каршы, ошого багыттап, өз элибизди, өзгөчө жумуш таппай отурган кыз-келиндерди иш менен камсыз кылуу боюнча жетишерлик деңгээлде түшүндүрүү, маалымдоо иштери жүргүзүлбөй жатат. Ошол себептен сыртка чыгып бараткандардын саны азайбай, тескерисинче, көбөйүп жатат».
Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы 10 жылда мигрант аялдар эркектерден бир канча эсеге өскөн. Буга чейин мигранттардын 70%ын эркектер, 30%ын аялдар түзсө, азыр аялдар 53%га жетти. Мунун кесепетинен 99 миң бала ата-энесиз чоңоюп жатат.