Биз менен байланышыңыз

Ош мамлекеттик университети Казакстанда филиалын ачты

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 250 | 0

Ош мамлекеттик университети Казакстанда филиалын ачты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында белгилүү болду.

Жыйында билим берүү маселелери боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Депутат Нуржигит Кадырбеков жакында Казакстанда Ош мамлекеттик университетинин филиалы ачылганы тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевден сурады.

Министр кабарды тастыктап, бул Кыргызстандын чет жактарда окуу жайларды ачып жаткан биринчи тажрыйбасы экенин айтты.

Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы быйыл апрель айында ачылган.

Анда жогорку кесиптик билим берүүнүн эки багыты котормо жана котормо таануу (англис тили) жана орус тили жана адабияты багытында адистер биргелешип даярдалат.

Окуу жай келечекте табият таануу, физика жана IT багыттары боюнча билим берүү программаларынын санын көбөйтүүнү көздөйт. Студенттер алгачкы эки жыл Ош шаарында, кийинки эки жыл Казакстанда билим алышат.

Буга чейин ОшМУда Евразия улуттук университетинин  филиалы — казак тили жана маданияты борбору ачылган. Учурда борбордо 30 студент билим алууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM