Биз менен байланышыңыз

Парламент «Жарнама жөнүндө» мыйзамдын долбоорун кабыл алды

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 295 | 0
Жарнак такта

Жогорку Кеңеш «Жарнама жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды. Сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамды Конституцияга ылайык келтирүү, коррупциялык ченемдерди жоюу максатында даярдалган.

Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында «Жарнама жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралган. Талкуу маалында депутаттар мыйзамды толук иштеп чыгуу үчүн комитеттин кароосуна кайтаруу чечимин кабыл алышкан.

Долбоорго ылайык, мыйзам бузуу аныкталганда жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 000 сомго чейин айып пул салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM