Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги кафелердин бири буздурулууда

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 262 | 0

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан «Батуми» кафеси буздурулууда. Мэриянын маалыматына караганда, вице-мэр Нурдан Орунтаев, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка кызматтардын өкүлдөрү иш алып барууда.

Ошондой эле бул жерде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын бузуу бөлүгүнүн жумушчулары иштөөдө.

Орунтаевдин айтымында, жер жеңил курулуш үчүн 5 жылга ижарага берилген. Бирок ижарачы унаа токтотуучу жайга туруктуу курулуш куруп, ресторан ачкан.

«Келишимдин мөөнөтү аяктады, анын негизинде бүгүн имаратты бузуу чечими кабыл алынды. Мэриянын дарегине жакынкы үйлөрдүн жашоочуларынан көптөгөн арыздар түшкөн, балдар ооруканасынан да ызы-чуу жана түтүн болуп жатат деген даттануулар түшкөн. Бейбаштык, мушташуу, укук бузуулар боюнча фактылар бар. Ушуга байланыштуу кафени бузуп, ордуна сквер куруу чечими кабыл алынган», — деди вице-мэр.

Мекеменин өкүлдөрүнө 17-майда өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилген, бирок талап аткарылган эмес.

Ал эми кафенин негиздөөчүсү буздурууга каршы болуп, аны өзү бузууга убакыт берилишин талап кылды.

«Мен өзүм бузуп алам, мунун баары, ар бир мыгы керек мага. Силер кыйратып салгандан кийин мен эмне кылам? Мен бул жерди уурдап алган эмесмин, сатып алгам. Кафени салуу үчүн канча акча, мээнет кетти. Мен чаар ала сумка көтөрүп, аял башым менен «Камаз» минип, араң жеткем. Бардык мүлкүмдү сатып, ушул жерге акча жумшагам. Бүгүн буздурбай убакыт бергиле деп айтып жатам. Буга чейин олчойгон салыктарды алып келгенсиңер», — деди кафенин ээси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM