Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Талапкер Мураталиев жарышка катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 278 | 0

Бишкектеги №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бакытбек Мураталиев шайлоого катышуудан баш тартты.

Бул тууралуу «Маралга» Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Ал 23-майда БШКга арыз жазып, жарышка катышуудан баш тарткан. Ошентип мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого 29 адам катышат.

Бишкекте 28-майга белгиленген №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалды. Кыргыз тилинде 62 миң 405, орус тилинде 62 миң 405. Мындан тышкары, 51 бюллетень брайль арибинде басылып чыкты.

Шайлоо күнү Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жалпы 51 жерде шайлоо участогунда жумуштар жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM