Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Ачкачылык жарыялагандардын абалы жакшы

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 257 | 0

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта жаткан жарандардын абалы жакшы экенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.

19-майда Али Шабдан, Акыл Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Атай Бейшенбек уулу ачкачылык жарыялашкан. Алардын негизги талаптары Атай Бейшенбек уулун айып изоляторунан чыгаруу, Равшан Жээнбеков менен Илгиз Сарылдык уулун мурда отурган камерага алып келүү, ошондой эле өздөрүнө карата психологиялык басымды токтотуу болгон.

«Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бири аз-аздан тамак жей баштады. Медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө каралууда. Тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө реалдуу коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 18-майдагы токтомуна ылайык, Атай Бейшенбек уулу үч күнгө айып камерасына камалып, 21-май күнү убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу кайра чыгарылган.

Бир катар саясатчы, укук коргоочу, активисттердин «Кемпир-Абад ишине» байланыштуу камакта отурганына 7 ай болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM