Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы шайлоо: Талапкер Синан Оган Эрдоганды колдойт

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2023 | 391 | 0

Түркиядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында оңчул «Ата» альянсынын талапкери болгон Синан Оган экинчи турда өлкөнүн азыркы президенти Режеп Тайип Эрдоганды колдой турганын билдирди.

Ал 21-майдагы маалымат жыйында шайлоочуларына жана өзүнүн командасына ыраазычылык билдирип, буга чейин саясатына каршы чыгып келген азыркы мамлекет башчысына добуш берүүгө үндөдү.

Түркиядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында эң көп добуш алган эки талапкер Режеп Тайип Эрдоган менен Кемал Кылычдароглу кайрадан атаандашууда.

Биринчи айлампада Эрдоган 49,51%, оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглу 44,88% добуш алды. Синан Оган 5,17%, «Мамлекет» партиясынын лидери Мухаррем Инже 0,43% добуш алган.

Кылычдароглу — Улуттук-республикалык партиянын өкүлү. Ал коррупцияга каршы сүйлөгөн сөздөрү жана Түркиянын европачыл өнүгүү жолу менен белгилүү. Кылычдароглунун талапкерлигин Элдик альянстын алты оппозициялык партиясы биргелешип көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM