Биз менен байланышыңыз

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: 124 миң 810 бюллетень даярдалды

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 172 | 0

Бишкекте 28-майга белгиленген №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого бюллетендер даярдалды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалды. Кыргыз тилинде 62 миң 405, орус тилинде 62 миң 405. Мындан тышкары, 51 бюллетень брайль арибинде басылып чыкты.

«Учкун» ишканасынын басмаканасында жабдуулар орнотулуп, шайлоо үчүн басылган бюллетендер сыноодон өткөрүлдү. Коопсуздукту УКМК менен ИИМ кызматкерлери камсыздашты.

Шайлоо бюллетендери жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомдук байкоочулардын катышуусунда БШКга өткөрүп берилди жана 14 кг 900 гр жараксыз бюллетень жок кылынды.

Шайлоо 28-майда өтөт, ага 30 талапкер ат салышат. Добуш берүү күнү Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жалпы 51 жерде шайлоо участогунда жумуштар жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM