Биз менен байланышыңыз

ИИМ жарандарды күмөндүү лотерея жана конкурстарга катышпоого чакырды

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 234 | 0

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар өлкө жетекчилигинин атынан күмөн жараткан ойнотууларды жана акцияларды өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар түшүп жатканын билдирди.

Буга байланыштуу, күмөндүү лотереялар жана акча чогултуулар өткөрүлбөгөнүн маалымдады.

ИИМ жарандарды чоң суммадагы сыйлыктарды сунуштаган күмөн жараткан лотереяларга, викториналарга жана сурамжылоолорго катышпоого чакырат.

«Социалдык тармактарда эч ким лотерея жана конкурстарды өткөрбөйт. Чагымчылдыкка алдырбоого, текшерилбеген аккаунттар боюнча күмөн жараткан лотереяларга катышуудан этият болууга, өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды ачыкка чыгарбоого чакырабыз. Эч качан интернет аркылуу акча которбоңуз», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM