Биз менен байланышыңыз

Акаевдин айланасындагы талкуу: Жаштар анын лекциясына каршы чыкты

Саясат | 22 мая 2023 | 452 | 0

Коомдун катуу каршылыгынан кийин качкын президент Аскар Акаевди Кыргызстандын окуу жайларына дарс окутуу демилгеси токтотулду. 21-майда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери нааразылык билдиришкен. Бир күндөн кийин Жогорку Кеңеште да бул маселе көтөрүлүп, Билим берүү жана илим министри Акаевдин дарстары окуу жайлар тарабынан пландалганын, министрликтин эч кандай тиешеси жоктугун маалымдады. Бул кабар коомчулукта кызуу талкуу жаратып, «алдын ала сүйлөшүлүп, уюштурулган» деген пикирлер айтылып жатат.

Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаевдин өлкөдөгү жогорку окуу жайларда дарс окуй турганы өткөн жуманын соңунда ЖМКларга жарыяланып, Исхак Раззаков атындагы КТМУда, Жусуп Баласагын атындагы КУУда, Кыргыз улуттук илимдер академиясында болору кабарланган.

Бул маселе катуу нааразылык пайда кылгандан кийин жогорку окуу жайлар Акаевдин лекциясы тууралуу маалыматтарды четке кагып чыгышты.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин академиялык иштер боюнча проректору Римма Алиманова окуу жай Акаевдин дарс окушу боюнча расмий билдирүү жасабаганын белгиледи.

Анын айтымында, учурда университетте сынактык сессия өтүп жатат. Сессия учурунда эч кандай дарс окулбайт.

«Биздин окуу жай бул лекцияны пландаган эмес. Себеби 15-майдан бери өзүбүздүн академиялык календарга тийиштүү сессия жүрүп жатат. Мындай убакта студенттерди эч кандай лекцияларга тартпайбыз. «Лекция пландаштырылып, анан жокко чыгарылды» деген да туура эмес. Себеби лекция жөнүндө эч кандай алдын ала маалымат берилген эмес, Акаев менен да сүйлөшүүлөр жүргөн эмес. Биз расмий булак деп өзүбүздүн сайтыбызды билебиз. Мындай маалыматтарды алгач сайтка жайгаштырабыз».

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Шерибек Барпиев да «мурдагы президент академияда лекция окуйт» деген маалыматты төгүндөп, аны Акаевди тосуп алган жакындары чыгарганын айтты.

«Биз сиздер сыяктуу эле Аскар Акаевдин Кыргызстанга келерин социалдык тармактардан окудук. Бул боюнча жетекчилик эч кандай маалымат алган эмес. Акаевди тосуп алган жерде Бекболот Талгарбеков сыяктуу достору ошондой план кылышса керек. Анткени Акаев — Илимдер академиясынын академиги. Ал өзү физик катары техникалык окуу жайды тандагандыр. «Академик катары Илимдер академиясына барып, илимий кызматкерлер менен жолугуп, лекция окуйм» деген ою болгон чыгар».

Аскар Акаевдин өлкөдөгү жогорку окуу жайларда лекция окуусу тууралуу маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 22-майдагы жыйынында да көтөрүлдү.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, качкын президенттин университеттерде лекция окушуна тыюу сала албай турганын айтты. Ошол эле учурда Аскар Акаевге министрлик тарабынан дарс окууга чакыруу болбогонун, аны жогорку окуу жайлар пландаганын маалымдады.

«Биз ал кишини чакырган эмеспиз. Университеттер чакырса, өздөрүнүн эрки. Бирок ал Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга дестабилизация алып келбеши керек. Тыюу салганга укуктук негиз жок. Эгерде кандайдыр бир саясий чагым болсо, чыңалууга алып келсе, ар бир ректор өзү жооп берет. Мен кетип калган президенттердин бирөөсү менен да кызматташкан жокмун».

Парламенттин тармактык комитетинде депутат Жусупбек Коргонбай уулу Акаевдин Кыргызстанда дарс окууга моралдык укугу жоктугун белгиледи.

Мындан сырткары ал ректорлордун ар бири өз билгенин кылбашы керектигин, билим берүү тармагын министрлик көзөмөлдөшү керектигин талап кылды.

«Ошол кишинин өзүнөн суранат элем, моралдык жактан өзүн колго алса болмок. Бизге келип, кантип жешти үйрөтөбү? Келечек муундарга мамлекетти кантип тоношту үйрөтөбү? Эгер мен студент болсом, «Убагында өлкөнү тоноп, анан мага кантип лекция окуп жатасыз?» деген суроо бермекмин».

Ал эми жарандык активист Мавлян Аскарбеков Аскар Акаев менен анын жубайы Майрам Акаеванын Кыргызстанга ээн-эркин келишин сынга алды.

Анын маалыматына караганда, учурда бир катар жаштар жана коомдук уюмдар тарабынан жолугушуулар уюштурулуп, нараазычылык акциясына чыгуу пландалып жатат.

Аскарбеков да Акаевдин келиши жана окуу жайларда лекция окушу алдын ала пландалган деп эсептейт.

«Элдин, коомчулуктун нааразычылыгы резонанс болгондуктан, бүгүн Каныбек Иманалиев депутаттардын алдына чыгып, макулдашылган эмес деген таризде айтып чыкты. Лекцияларды жокко чыгаруу аракетин көрүп жатат. Мен түз эле айтайын, биздин мамлекетке Акаевдин, Бакиевдин кайтып келишине жол жок. Жаш саясатчылар, жаңы муун буга жол бербейбиз. Сатылма журналисттер жана башка адамдар Акаевге, Бакиевге барып, алардан интервью алып, аларды актоо аракетин көрүп жатат. Бирок экөө тең эл тарабынан кечирим алган эмес жана кечирилбейт».

Аскар Акаев 2022-жылы 14-декабрда Бишкекке келген жана «Кумтөр» иши боюнча сурак берип кеткен. Ага чейин август айында да келип кеткен.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен 20-майда Бишкекке келген.

Copyright © 2017 Maral FM