Биз менен байланышыңыз

Жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөртүүнү ЖКнын дагы бир комитети колдоду

Кыска кабар | 22 мая 2023 | 266 | 0

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген долбоорду биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сейит Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков иштеп чыккан.

Депутат Жанар Акаев Конституциянын 10-беренесине ылайык, Кыргызстанда цензурага жол берилбей турганын, жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана мыйзам чегинде иш жүргүзүп жатканын белгиледи.

«Азыр ЖМКга анык эмес маалымат жарыяланган болсо, Маданият министрлигинин алдындагы жумушчу топ карап, актанууга негиз бербей эле жабылсын деген чечим чыгарып жатат. Биз далилдеп берүүгө убакыт берилсин деп жатабыз», — деди депутат.

Долбоордо интернет сайттын ээси же интернет желесиндеги баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартиби белгиленүүдө.

Мындан тышкары жалган маалыматты сайттан алып салуунун мөөнөтүн арыз келип түшкөн учурдан тарта 24 саатка эмес, үч күнгө чейин узартуу сунушталууда.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлининин маалыматына караганда, 2022-жылдан тарта министрликке 22 арыз келип түшкөн, анын көпчүлүгү ишкерлерден жана жарандардан келген.

16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети да аталган мыйзам долбоорун колдогон.

Экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору 2021-жылдын 23-августунда кабыл алынган.

Аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен 2020-жылы парламентте колдоо таап, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук каршылык билдиргенден кийин президент толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

Анын максаты, социалдык тармактарда фейк маалыматтардан жарандарды коргоо деп түшүндүрүлгөн. Бирок медиа-эксперттер бул мыйзам сөз эркиндигин ооздуктоого курал болушу мүмкүн деп эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM