Биз менен байланышыңыз

Парламентте Аскар Акаевдин лекция окуусу тууралуу маселе көтөрүлдү

Кыска кабар | 22 мая 2023 | 518 | 0

Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаевдин өлкөдөгү жогорку окуу жайларда лекция окуусу тууралуу маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 22-майдагы жыйынында көтөрүлдү. 

Депутат Аида Исатбек кызы билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевден Аскар Акаевдин лекция окуусуна ким уруксат бергенин сурады.

«Эгер жөнөкөй экс-президент болсо түшүнүктүү эле, бирок АскарАкаев качкын, коррупциялашкан президент, андан башкасын айпай эле коёюн. Ошол үчүн баары бир саясий бир чечим керек го, анын лекция окушуна, кандай ойлойсуз?» — деди депутат.

«Биз ал кишини чакырган эмеспиз. Жогорку окуу жайлар өздөрү чакырса, өз эрки. Бирок бул коомдук туруксуздукка алып келбеши керек», — деп жооп берди билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу да кесиптешинин айтканын колдоп, ректорлордун ар бири өз билгенин кылбашы керектигин, билим берүү тармагын министрлик көзөмөлдөшү керектигин талап кылды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги лекциясы жокко чыгарылганын аталган окуу жайдын жетекчилиги 22-майда тастыктады.

Бир күн мурун аталган окуу жайдын айрым студенттери Аскар Акаевдин лекциясына каршы болуп, ректоратка кайрылышкан. Алардын билдирүүсү Твиттерге жарыяланган.

22-майда белгилүү болгондой, КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев Аскар Акаевди окуу жайга лекция окутпоо чечимин кабыл алганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Аскар Акаев 2022-жылы 14-декабрда Бишкекке келген жана «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Ага чейин август айында да келип кеткен.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM