Connect with us

Статком: Аялдар калктын 50,6 пайызын түзөт

Кыска кабар | 21 Май 2023 | 471 | 0

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына караганда, 2023-жылдын 1-январына карата 3 млн 357 миң аял бар же алар калктын жалпы санынын 50,6%ын түзөт.

Шаар жерлеринде 1 млн 286 миң аял (алардын жалпы санынын 36% дан ашыгы), айыл жерлеринде 2 млн 271 миң аял (дээрлик 64%) жашайт.

2022-жылы 15-55 жаштагы 150 миңден ашуун аял эне макамына ээ болушту.

Эң жаш энелердин орточо курагы 23 жаштын тегерегин түзөт. Биринчи баласы төрөлгөндө жашы 21-22 жашты түзгөн эң жаш энелер Ош шаарында, Баткен, Ош жана Талас облустарында жашашат.

Аялдардын 27% жакыны биринчи жолу, ал эми 35% жакыны же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушат. 13% жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болушат.

2021-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөгөндөрдүн саны азайганы байкалган. Алсак, 2021-жылы 1244 эгиз (2020-жылы — 1436) жана 7 үч эм (2020-жылы — 14) төрөлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча төрөттөрдүн ортосундагы аралык эки жылдан аз убакытты түзгөн төрөттөрдөн балдардын төрөлүшүнүн үлүшү 32%дан ашкан, ал эми аралыгы үч жылды түзгөндөр 42%га жакындаган.

2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүшү белгиленүүдө. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен 3 бала туура келген, бул өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү.

Copyright © 2017 Maral FM