Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына караганда, 2023-жылдын 1-январына карата 3 млн 357 миң аял бар же алар калктын жалпы санынын 50,6%ын түзөт.
Шаар жерлеринде 1 млн 286 миң аял (алардын жалпы санынын 36% дан ашыгы), айыл жерлеринде 2 млн 271 миң аял (дээрлик 64%) жашайт.
2022-жылы 15-55 жаштагы 150 миңден ашуун аял эне макамына ээ болушту.
Эң жаш энелердин орточо курагы 23 жаштын тегерегин түзөт. Биринчи баласы төрөлгөндө жашы 21-22 жашты түзгөн эң жаш энелер Ош шаарында, Баткен, Ош жана Талас облустарында жашашат.
Аялдардын 27% жакыны биринчи жолу, ал эми 35% жакыны же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушат. 13% жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болушат.
2021-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөгөндөрдүн саны азайганы байкалган. Алсак, 2021-жылы 1244 эгиз (2020-жылы — 1436) жана 7 үч эм (2020-жылы — 14) төрөлгөн.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча төрөттөрдүн ортосундагы аралык эки жылдан аз убакытты түзгөн төрөттөрдөн балдардын төрөлүшүнүн үлүшү 32%дан ашкан, ал эми аралыгы үч жылды түзгөндөр 42%га жакындаган.
2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүшү белгиленүүдө. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен 3 бала туура келген, бул өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү.