Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда адам уурдоого шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 394 | 0

Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облусунун аймагында айрым ишкерлерге карата коркутуулар болгону тууралуу маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, апрель айынын аягында Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече адам жергиликтүү тургунга күч колдонуп, аны өзүнүн «Лексус» үлгүсүндөгү унаасына салып, ээн жерге алып барып, акча талап кылышкан.

Алгач 12 миң АКШ долларын талап кылып, кийинчерээк жабырлануучудан өздөрүнүн банктык эсептерине 630 миң рублдан ашык суммадагы каражатты которууга аргасыз кылышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмү «Адам уурдоо» боюнча иш козголгон. Анын алкагында иликтөө жүргүзүлүп, шектүүлөр кармалды.

Кармалгандардын бири Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1986-жылы туулган Э.М. (аты-жөнүн өзгөртүлгөн К.М.)  мурда Орусияда тоноо жана опузалап талап кылуу фактылары боюнча кылмыш жообуна тартылган.

Кармалган экинчи жаран Сузак районунун тургуну, 1995-жылы туулган Т.Б. мурда бир нече жолу соттолгон, Кыргызстанда жана Орусияда мал уурулук, каракчылык, опузалап талап кылуу боюнча жазага тартылган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен аталган жарандар эки айга камакка алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM